Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Анкара Германияны “кош стандартка” жол берүүдө деп айыптады


Германиядагы демонстрация.
Германиядагы демонстрация.

Түрк бийлиги Кельн шаарындагы акция учурунда Режеп Тайип Эрдогандын видеокайрылуусу үзгүлтүккө учураганына нааразылык билдирди. Буга байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 1-августта Германиянын элчисин чакырып нота тапшырды.

31-июлда Кельн шаарында түрк бийлигин колдогон жана ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин айыптаган демонстрация өткөн. Ага Германияда жашаган миңдеген түрктөр катышкан. Жергиликтүү полиция уюштуруучуларга чоң экран орнотууга уруксат берген эмес. Андан кийин сот аны акцияга катышкан адамдардын гана сөздөрүн чагылдыруу үчүн колдонууга макулдук берген. Германиянын Жогорку Соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Түркия вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш сөз эркиндиги чектелгенин айтып, немис бийлигин “кош стандартка” жол берүүдө деп сындады. Германияда үч миллионго чукул түрктөр жашайт.

XS
SM
MD
LG