Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

АКШ аба күчтөрү Ливияда ИМге сокку урду


Ливия.
Ливия.

Расмий Вашингтондун маалыматына караганда, өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун позицияларына абадан чабуул Ливия бийлигинин өтүнүчү менен жасалган.

Пентагондун өкүлү Питер Кук билдиргендей, биринчи жолу Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи туулган Сирт шаарындагы порт бутага алынды. Башкалаа Триполи менен Бенгази шаарынын ортосунда орун алган Сирттеги операция дагы уланат. Бул жерде 80 миңге жакын калк жашайт.

2011-жылы Каддафинин бийлиги кулагандан кийин Ливияда башаламандык жаралган эле. Өлкөдө азыр эки өкмөт бийлик жүргүзөт. “Ислам мамлекети” тобу сыяктуу экстремисттик уюмдар Ливиянын мунай ресурстарын көзөмөлгө алуу үчүн күрөшүүдө.

XS
SM
MD
LG