Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Түркия: жардыруудан беш полиция курман болду


Түркия.
Түркия.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы күрттөр көп отурукташкан Бингөл провинциясынын бийлик өкүлдөрү билдиргендей, набыт болгон беш тартип сакчысынан тышкары дагы төрт адам жаракат алды. Жардыруу болгон учурда алардын баары бир автоунаада кетип бараткан. Бийлик кол салууга Күрт жумушчулар партиясын айыптоодо. Аталган уюмду Түркия менен Батыш мамлекеттери террордук деп тапкан. Күрттөрдүн өз алдынчалыгы үчүн күрөшүп келаткан уюмдун террордук аракетинен 1984-жылдан бери 40 миңден ашык адам өмүрү кыйылды.

Бир жыл мурун түрк бийлиги менен тынчтык сүйлөшүүлөр бузулгандан кийин уюмдун мүчөлөрүнүн кол салуулары, кагылышуулар күчөдү. Өткөн аптада Хаккари провинциясындагы урушта 8 аскер жана 35 күрт согушкерлери курман болушкан.

XS
SM
MD
LG