Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Укук коргоочу депутаттардын ишке чыгуусун талап кылууда


Өндүрүш Токтонасыровдун пикети.
Өндүрүш Токтонасыровдун пикети.

Мындай талап менен укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдына пикетке чыгат. Ал дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө парламент депутаттарынын эки ай бою эс алган тажрыйбасы жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди. Андыктан тез арада жумушка чыгып чечилбей жаткан маселелерди ийне-жибине чейин талкуулап, бүтүм кабыл алууну эл өкүлдөрүнөн талап кылмакчы:

-Булар шайлоочулар менен жолугушабыз деп коюшуп, эки ай бою эс алышат. Жай мезгилин эс алуу менен эле өткөрүшөт. Маселелерди көтөрүп коюп, күзгө калтырып атышат. Сентябрда жумушка чыгып, шашылып талкуулап кабыл алышат. Азыр чечүүгө муктаж олуттуу көйгөйлөр бар. Маселен, Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, чатырларда билим алып жаткан окуучулардын көйгөйүн чечишпейби. Алар ушул тапта ишке чыгышы керек болчу.

Өндүрүш Токтонасыров "Эс алуу бүттү, ишке чыгыңыз, урматтуу депутат!" деген жазуу көтөрүп, мыскыл иретинде парламентти ойготуу үчүн короздун кыйкырыгын телефонунан жаңыртат.

Парламенттин VI чакырылышы 30-июнда алгачкы сессиясын расмий түрдө жаап, жайкы эс алууга тараган. Регламент боюнча депутаттар сентябрда ишке чыгышат. (NT)

XS
SM
MD
LG