Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкекте кыйноого шектелген милиционерлер сурак берүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кыйноо колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Башкы прокуратура иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Назик Байгазинова билдирди. Алар 12-июлда убактылуу кармоочу жайда отурган шектүүнү кыйнап, күнөөнү моюнга алууга мажбурлаган деп айыпталып жатышат.

-Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясынын бир кызматкеринин жана Ленин райондук милициясынын эки кызматкеринин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кыйноо колдонуу) менен кылмыш иши козголду. Алар Кылмыш иликтөө багытында иштеген милиционерлер.

Кыргызстанда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү кишилерди суракка алуу учурунда кыйноо колдонуп, зордук менен моюнга алдырат деген дооматтарды укук коргоочулар такай айтышат. Эл аралык уюмдар да жабык жайларда кыйноолорду азайтууну сунуштап келишет.

2014-жылы Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун эки аймактык инспектору кыйноо колдонууга айыпталып,11 жылга камалышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG