Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кыймыл түзүү сунушталды


Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикет.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикет.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Конституцияны өзгөртүүгө каршы кыймыл түзүүнү сунуштады. Мындай демилге бүгүн Бишкектеги Сөз эркиндигин коргоо комитетинде өтүп жаткан «Конституция. Кайда баратабыз?» деген аталыштагы талкууда көтөрүлдү. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү азыркы бийликтин өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталганын белгилеп, коомчулук буга жол койбошу керектигин билдирди.

Бүгүнкү жыйынды активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга бийликке чакырык таштоо максатында уюштурушкан. Алар бийликке Конституция 2020-жылдын сентябрь айына чейин өзгөртүлбөйт, деген чечимди аткарууну сунушташмакчы.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан.Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Социалдык тармактарда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол да топтолууда.

XS
SM
MD
LG