Армениянын президенти Серж Саргсян жакынкы айларда "улуттук биримдик" өкмөтүн түзүүгө даяр экенин билдирди. Бирок анын курамына террорчулар жана алардын жактоочулары кошулбасын айтты.
31-июлда Армениянын коопсуздук кызматы Еревандагы полиция имаратын барымтага алган оппозициянын куралчан тобу каршылыгын токтотконун билдирген.
1-августта Еревандын көчөлөрүнө элдер оппозицияны колдоп чыгышкан. Алар өздөрү колго түшүп берген оппозициянын 20 өкүлүнө ырайым кылууну талап кылышты.