Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Эл аралык Олимпиада комитети WADAны сындады


Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Допингге каршы дүйнөлүк агенттикти (WADA) сынга алды. Ал WADA орусиялык спортсмендерин Олимп оюндары башталарына бир нече жума калганда гана айыптаганын айтты. Анын ырасташынча, комитетке чечим кабыл алууга аз гана убакыт берилген.

Ушул жуманын башынан тартып ондогон орусиялык атлеттер 5-августта баштала турган Олимп оюндарына катышуудан четтетилген.

- Коюлган айыптар олуттуу болгондуктан биз орусиялык атлеттерди алдын ала күнөөсүз деп табууга укугубуз жок эле. Ошол эле учурда биз аларды өзүнүн актыгын далилдөөгө да убакыт беришибиз керек эле. Спортчуну анын өкмөтүнүн күнөөлөрү үчүн айыптабаш керек, - деди Томас Бах.

XS
SM
MD
LG