Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Анкара Германияга нааразылык билдирди


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды колдоп чыккандардын жөө жүрүшү. Кёльн шаары. 31-июль, 2016
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды колдоп чыккандардын жөө жүрүшү. Кёльн шаары. 31-июль, 2016

Түркиянын тышкы иштер министри Анкарадагы немис дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысын чакырып Эрдогандын Кёльндагы видео кайрылуусу үзгүлтүккө учурагандыгына нааразылык билдирди.

31-июлда Германиянын Кёльн шаарында Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин айыптагандар чогулуп, жөө жүрүш уюштурган. Уюштуруучулар Режеп Тайып Эрдогандын кайрылуусун түз көрсөтүү үчүн чоң экран орнотмок, бирок жергиликтүү полиция ага уруксат бербей койгон. Сот чоң экрандан жөө жүрүштүн катышуучулары гана чыгып сүйлөй аларын билдирген. Германиянын жогорку соту мындай чечимди колдогон.

Түркиянын премьер-министри Нуман Куртулмуш 1-августта билдирүү жасап, анда сөз эркиндиги чектелип жатканын айтып, Германияны "кош стандарттар" үчүн айыптаган. Германияда үч миллионго жакын түрк улутундагы киши жашайт.

XS
SM
MD
LG