Бишкекте Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдар арасында спартакиада башталды. Бүгүн спорт иш-чарасынын салтанаттуу ачылышы “Дордой” комплексинде өттү.
5-августка чейин улана турган спартакиадада балдар спорттун алты түрүнөн беттешет. Ага эки жүздөн ашуун бала катышып, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлдө эс алууга беш күндүк жолдомо берилет.