Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Боом капчыгайына түшкөн таш тазаланды


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

Бишкек-Нарын-Торугарт каттамынын 119-чакырымында 2-августта түнкү саат 11лер чамасында көлөмү 300 метр кубду түзгөн таш түшүп, автоунаа тыгыны пайда болгон болчу. 3-августка караган түнү жол толук тазаланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Жолдун Боом капчыгайындагы бул бөлүгүнө акыркы кезде таш көп түшүп жатат. 30-июлда 142-143-чакырымдарда “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автонунаага таш кулап, бир адам набыт болгон эле. Андан кийин да таш кулап, эч ким жабыркаган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG