Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Казакстанда мусулмандар Эрдогандын үстүнөн Гаага сотуна кайрыларын эскертти


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Казакстандын мусулмандар бирлиги жана Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ислам комитети Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга кат жолдошту. Анда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин катышуучуларынын сөөгүн ит көмгөн жерге жашыруу тууралуу түрк бийлигинин чечимине нааразылык жазылган. Эрдоганды ага жол бербөөгө чакырышып, өлтүрүлгөн ар бир адамдын ага-тууган, жек-жааты бар экени эске салынган. Ошондой эле түрк бийлигинин бул аракетин мыкаачылык катары баалап, муну менен мусулманчылыкка көө жабылып жатканы белгиленген.

Алар эгерде Эрдоган өз элине карата катаал репрессияны токтотпосо, адамзатка карата жасалган оор кылмыштары үчүн Гаага сотунда жоопко тартуу маселесин көтөрө тургандыктарын билдиришти. Түркия боюнча төңкөрүш кылуу аракети учурунда 160тан ашуун аскер набыт болгон. 15-июлдагы окуядан кийин миңдеген адамдар кармалып, иштен айдалды. Өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү каршылаштарын тазалоо максатында бийлик атайылап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирип келет.

XS
SM
MD
LG