Өкмөттүн Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган Эмилбек Бусурманкулов премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жакын тууганы экени айтылууда.
“Азаттык” радиосунун өкмөттөгү ишенимдүү булактары Бусурманкулов Жээнбековдун жээни экени тууралуу айтылган сөздөр так эместигин, бирок бир айылдан болушарын бышыктады.
Эмилбек Бусурманкуловду аталган кызматка дайындоо боюнча премьер-министрдин буйругу 2-августта чыккан. Буга чейин Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Алтынбек Эргешов башка кызматка дайындаларын өкмөттөн билдиришти. (SE)