2-августта Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах Рио-де Жанейродо Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин олимпиада оюндарына аз күн калганда Орусияда өкмөттүк деңгээлде кызытма колдонуу тууралуу маалымат беришин сынга алды. Олимпиада оюндары 5-августа башталышы керек. Анын алдында Дүйнөлүк антидопинг агенттиги орус спортчуларынын олимпиада оюндарына катышуусуна тыюу салууну сунуштаган. Ал сунуш Орусияда допинг колдонуу мамлекеттик деңгээлде колдоого алынат деген жүйөгө негизделген.
Эл аралык олимпиада комитети ага карабай Орусиянын 387 спортчусуна оюндарга катышуусуна 24-июлда уруксат берген. Томас Бах ал чечимди “адилеттүүлүк принцибин сактоо жана таза спортчулардын кызыкчылыгын коргоо” менен байланыштырган. Эл аралык антидопинг агенттигинин жетекчиси Крейг Риди “Орусиядагыдай абал менен спорт чанда кездешээрин айтып, аны жөндөп кетүү жеңил болбогонун” белгиледи. Эл аралык олимпиада комитети 24-июлдагы чечим туура болгонун 2-августтагы жыйынында тастыктады. (AiT)