Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Роухани Батыш мамлекеттерин айыптады


 Хасан Роухани
Хасан Роухани

Иран президенти Хасан Роухани дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери Тегерандын өзөктүк программасын чектөө боюнча өткөн жылкы тарыхый макулдашууну аткарбай жатканын билдирди.

Роухани шейшемби күнү мамлекеттик телеканалда сүйлөп жатып, Иранга карата санкциялардын алынбай жатканы өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтты. Ал муну чет элдик банктарда тоңдурулган активдерди Иран өкмөтү дагы эле ала албай жатканы, АКШ конгресси жана Израил өзөктүк макулдашууну толук аткарууга бут тосуп келатканы менен түшүндүрдү.

Ал арада АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлдөрү 2-август күнү Иран аталган макулдашуудагы талаптарды аткарбай жатканы боюнча билдирүү жасашты.

Иран менен дүйнөнүн алты кудуреттүү мамлекети Тегерандын өзөктүк программасын чектөө боюнча былтыр макулдашышкан. Ага ылайык, Иранга Батыш мамлекеттери киргизген санкциялар алынышы кажет болчу.

XS
SM
MD
LG