Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Трамп Обаманын “ал президенттикке жарабайт” деген сөзүнө жооп берди


АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп
АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп

Дональд Трамп Барак Обаманын президенттигин “катастрофалык” деп атады. “Ал алсыз жана натыйжасыз болду” деди Трамп 2-августта Fox news телеканалына берген интервьюсунда. Ал ошондой эле “Обама биздин өлкөнүн тарыхындагы эң начар президент болду” деп белгиледи.

Дональд Трамп Орусиянын Крымды аннексиялап алышын тааныш мүмкүн экенин да билдирип, сынга кабылды. Бирок Обамага жооп кылган Трамп “Украинанын абалын карап көрүңүздөр. Ал Украина жөнүндө айтып жатат. Анын мезгилинде Крымды тартып алышты го” деген.

Барак Обама Дональд Трамптын Иракта уулу каза болгон мусулман үй-бүлөгө карата айткан сөзүн кескин сынга алып, бул анын дүйнөлүк маселелерде тайкылыгын жана президенттик кызматка өтө даяр эместигин көрсөтөт деген эле. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. (AiT)

XS
SM
MD
LG