Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

БУУ Чыгыш Украинада жай тургундардын жабыркашы көбөйгөнүн билдирди


Маалыматка караганда, өлкө чыгышындагы аткылоолордун натыйжасында тынч жарандардын набыт болушу өткөн жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөргө жетти. 2014-жылдан бери жүрүп жаткан урушта 9400 киши курман болду. БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы июнь айында 69 адам жабыркап, алардын ичинен 12си набыт болгонун документалдык негизде тастыктаган.

Бул быйылкы май айына салыштырмалуу эки эсе көп. 2015-жылы май айында 73 киши жабыркап, курман болгондор саны сегиз болгон. Бул кейиштүү курмандыктардын көпчүлүгү аткылоолордон улам келип чыккан. 2015-жылы февраль айында Минскиде жетишилген келишимге ылайык согуштук аракеттер токтотулуш керек эле. Бирок келишимдин негизги талаптарынын бири болгон оор куралдарды алып чыгуу аткарылган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG