5-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +28...+33,
Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +31...+36,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.