Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Онкологиялык борбордун директорлугуна шайлоо өттү


Бүгүн Бишкекте Республикалык онкологиялык борбордун директорлугуна шайлоо өттү. Аталган мекемеден “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, жетекчилик кызматка азыркы директордун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева, Накен Касиев, Мукаш Бейшембаев жана Турусбек Абдылдаевдин талапкерлиги коюлду. Жыйынтыгында Султангазиева - 64, Касиев - 46, Бейшембаев – 27 добуш менен тандоодон өтүштү. Абдылдаев 25 добуш алды. Мыйзамга ылайык, көп добуш алган үч талапкердин ичинен бирөөнү өкмөт мекемеге жетекчи кылып дайындайт.

Онкология борборун 9 жылдан бери Бактыгүл Султангазиева жетектейт. Эмгек жамааты жана айрым дарылануучулар анын ишмердигинде кемчиликтер бар экенин айтып, нааразылыгын билдирип келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG