Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Олимп оту Рио-де-Жанейрого жеткирилди


Олимпиада оюндары өтчү жер
Олимпиада оюндары өтчү жер

Олимп оту быйылкы оюндардын борбору - Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарына жеткирилди.

Бразилиянын жел кайык спорту боюнча курама командасынын жети мүчөсү отту океандын жээгинде уюштурулган салтанатка жеткирип, ал жактан спортчуларды мэр Эдуард Паэс тосуп алды. Шаар мэри факелди жандырып, эстафетаны спорттук окуу жайдын студентине символикалык түрдө узатты.

Олимп оту 3-майдан тарта Бразилиянын 300дөн ашуун ири жана майда шаарларын кыдырып чыкты.

Бүгүн Рио-де-Жанейродо дем алыш күн деп жарыяланды, себеби командалардын эртең баштала турган оюндарга көрүп жаткан даярдыгына байланыштуу жол кыймылы бир аз кыйындашы ыктымал.

XXXI жайкы Олимпиада Бразилиянын Риосунда 5-21-август күндөрү өтөт. Ага 200дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышат. Кыргызстан 19 өкүлүн жөнөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG