Казакстан Орусиядан мал ташып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин буйругуна ылайык 3-августтан тарта Орусиядан бодо малдын терисин жана башка генетикалык материалдарын киргизүүгө да уруксат жок.
Мындай кадамга казак тарап чектеш жайгашкан Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунда күйдүргү илдети катталганына байланыштуу барганын билдирди.
Аталган аймакта 25-июлда күйдүргүгө байланыштуу карантин жарыяланган. 20 адам бул ооруну жуктуруп алганы аныкталып, 12 жаштагы бир өспүрүм каза тапты. Дагы 90го жакын адам азыр доктурлардын көзөмөлүндө турат. (RK)