Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

“Манас” аэропортунда беш күндөн бери отурган Попов 6-августта учат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортунда беш күндөн бери Орусияга кете албай отурган Алексей Попов 6-августта Краснодарга учат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Поповдун жарандыгы так эмес. Документтери жоктугуна байланыштуу чек арачылар аны аэропорт имаратынан чыгарышкан эмес.

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы кабарлагандай, Алексей Попов беш күн мурун Краснодардан Бишкекке учуп келген. Бирок паспорту жок болгондуктан аны кыргыз чек арачылары өлкөгө киргизишкен эмес. Бирок тамак-аш, уктоочу жай менен камсыздалган. Анын билетинин 50% авиакомпания өзү төлөп берүүдө.

XS
SM
MD
LG