Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Азаров суракка чакырылды


Николай Азаров
Николай Азаров

Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кеп "мурдагы президент Виктор Януковичтин жетекчилиги менен түзүлгөн кылмыш тобу Укрнафта» жана «Укргазвыдобування» ишканаларынын 2 миллиард гривна акчасын тартып алган" деген айыпка байланыштуу болууда.

Сурак 9-августка белгиленди.

Николай Азаров украин өкмөтүн 2010-2014-жылдары башкарган. 2014-жылы бийлик алмашканда ага эл аралык издөө жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG