Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Алматыда антитеррордук машыгуу жүрүп жатат


Алматыда бүгүн антитеррордук машыгуу жүрүп жатат. Күч түзүмдөрү шаар тургундарына кайрылып, паникага алдырбоону жана полициянын аракетин туура кабыл алууну суранды. Машыгууга Алматы полициясынын жеке курамы жана атайын техникасы толугу бойдон катышууда.

Казакстанда июнь айында жарыяланган террордук коркунуч режими дагы эле сакталууда. 18-июлда Алматынын Алмала районунда полициянын жана коопсуздук комитетинин имараттарына кол салуу болуп, натыйжада сегиз адамдын өмүрү кыйылды, алардын алтоо күч кызматкери болчу.

Ички иштер министрлигинин расмий версиясына караганда, 26 жаштагы жергиликтүү тургун Руслан Кулекбаев кол салууну түрмөгө мыйзамсыз камалганы үчүн уюштурган.

Актөбөдө ушул жылдын 5-июнунда террорчул топ уюштурган чабуул учурунда 7 киши каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG