Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары болуп Алишер Абдырахманов дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Буга чейин облус жетекчинин биринчи орунбасары Бакир Жолчиев өз арызы менен кызматтан бошотулду.
Жаңы дайындалган Алишер Абдырахманов 54 жашта. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болгон. (SE)