Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Лондондогу кол салуудан каза тапкан аял АКШ жараны экени аныкталды


Лондондогу кол салуудан набыт кеткен 60 жаштагы аял АКШнын жараны экени аныкталды. Жараат алган беш адам Израил, АКШ, Улуу Британия жана Австралиянын жарандары, алардын абалы канааттандырарлык экенин жергиликтүү полиция кабарлоодо.

Бейшембиге караган түнү Лондондун Рассел-Сквер аянтында белгисиз бир адам көчөдөгүлөргө бычак менен кол салган. Кылмышка шектүү деп 19 жаштагы эркек жаран кармалды. Полиция кызматкери Марк Роули:

- Куралчан кызматкерлер окуя болгон жерге беш мүнөттүн ичинде келди. Тилекке каршы, каза болгон бир аял, дагы жараат алган алты киши бар, - деп билдирди.

Күч кызматкерлери бул теракт болушу мүмкүн деген версияны четке каккан жок, бирок кармалган адам психикалык жактан жабыркаган болушу ыктымал экени да айтылууда. Ал Сомалиден чыккан Норвегия жараны экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG