Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Рио-де-Жанейродо жайкы Олимп оюндары башталат


Бразилия.
Бразилия.

XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат. Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу жолдомо алып, июлдун этегинде Бразилияга жөнөп кетишкен.

Алар: Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Руслан Царев, Мурат Рамнов,(грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү), Эркин Адылбек уулу (бокс), Юлия Андреева, Виктория Полюдина, Дарьа Маслова, Мария Карабицкая, Илья Тяпкин (жеңил атлетика), Жаныл Окоева, Иззат Артыков (оор атлетика), Юрий Краковецкий жана Отар Бестаев (дзюдо).

Кыргыз өкмөтү 1-орун алган спортчуга 7 миллион, 2-орунга 5 миллион, коло медалга 3,5 миллион сом берилерин билдирген. Бишкек мэриясы байгелүү орундарды ээлегендерге батир берүүнү убада кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG