“Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, Чымкент шаарынын жанындагы «Мунай-БК» базасынын аймагында 4-августта түштөн кийин башталган өрт 17 саатта өчүрүлдү. Андан 12 цистерна, үч вагон жана эки автоунаа күйүп кетти.
Түштүк Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаал департаментинин маалыматына караганда, каза тапкан жана жаракат алгандар болгон жок. Өрт поюз вагондо жүктөлгөн май ташуучу эки машиненин кагылышуусунан келип чыкканы кабарланууда.