Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Кыргыз-тажик чек арачылары биргелешкен машыгуу өткөрүштү


Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара бөлүктөрүнүн башчылары биргелешкен машыгууларды өткөрүштү. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 3-4-август күндөрү Баткен жана Исфара чек ара отряддарынын жетекчилери баштаган аскерлер жаңжал же башка чукул кырдаал чыккан учурларда курал колдонбой туруп маселени чечүү жаатында пикир алмашты.

Окуулар жана машыгуулар чек арадагы эң көйгөйлүү деп саналган аймактарда жүргүзүлдү.

Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450сү дале талаштуу. Эки өлкөнүн чегинде жайгашкан айылдардын тургундары суу, жол талашып тез-тез чатакташып турушат. Соңку жылдары куралдуу кагылышка чейин барышып, үйлөрдү өрттөгөн учурлар катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG