Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Террордук топторго кошулгандар жарандыктан ажыратылат


Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык террризм жана экстремизм идеяларын жайылтып, радикал кылмыш жасагандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзамга 4-августта кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамга ылайык, террордук топторго кошулган кыргызстандыктар жарандыктан ажыратылат.

2015-жылдын декабрында президент Атамбаев “Сириядагы террорчуларга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын жарандыгын алып салыш керек”,- деп билдирген эле.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Сириядагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн көп. Алардын 70тен ашууну ошол жакта курман болушту.

Күч органдарынын билдиришинче, террордук топторго кошулгандар арасында жасалма кыргыз паспорту менен жүргөн чет элдиктер да болушу мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG