Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

АКШ Пакистанга 300 млн долларлык жардамын бербейт


Пакистан, террордук чабуулдан кийин.
Пакистан, террордук чабуулдан кийин.

Пентагон Пакистанга убада кылган 300 млн долларлык аскердик жардамынан баш тартты. Буга өлкөнүн “Хаккани тармагы” террористтик тобуна каршы жетиштүү чара көрбөгөнү негиз болду.

Бул тууралуу 4-августта Пентагондун өкүлү Адам Стамп билдирди.

“Хаккани” террордук тобу Ооганстан менен Пакистанда калаба салган жанкечтилерден куралган.

“Вашингтондун маанилүү жардамды тыюусу союздашы Исламабад менен чыңалган мамилесин ачыкка чыгарды. “Хаккани тармагынын” айрым мүчөлөрү пакистандык чалгынчылар менен байланышы бар деп өткөн жылы америкалык аткаминерлер айыпташкан”, деп The Washington Post гезити жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG