Орусиянын “Дип коммьюникейшн” компаниясы “Айтыш фильм” киностудиясы менен бирге “Сулайман тоо” деп аталган көркөм фильм тартышат. “Айтыш фильмден” кабарлашкандай, тасмага Елизавета Стишова режиссерлук кылат. Тасмада бир үй-бүлөнүн тагдыры баяндалат. Сүрөткө түшүрүү иштери толугу менен Кыргызстанда болуп, күз айларында чоң экранга чыгат.
Елизавета Стишова буга чейин Кыргызстанга байланыштуу фильм тарткан. Анын кыргызстандык орус тили мугалими жөнүндө “Чайка” аттуу кыска метраждуу киносу бир катар эл аралык сынактарда мыкты деп табылган.