Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

№16 түзөтүү колониясында адам өлтүрүлгөнү аныкталды


Чүйдүн Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү колониясында январь айында каза тапкан Р. Витохин атуу жарандын өлүмүнүн себептери аныкталды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ал өзү менен камакта жаткан кишинин колунан каза тапкан. Бирок окуянын чоо-жайы азырынча толук айтыла элек.

-Алты айдан бери анын өлүмүнүн себептери аныкталбай жүргөн. Биздин тергөө бөлүмдүн кызматкерлери аны өзү менен кошо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан айыпкер өлтүргөнүн аныкташты. Тергөө амалдары бүтүп, иш Чүйдүн Москва райондук сотуна өттү. Ал адам Кылмыш жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен дагы жазага тартылат,- деди Сабатарова.

Витохиндин жансыз денеси быйыл 2-январда өзү жаза өтөп жаткан колониядагы бөлмөдөн табылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG