Пакистан өкмөтү Өзбекстанга бараткан тик учак техникалык мүчүлүштүктөн улам Ооганстан аймагында кырсыкка учураганын билдирди. Окуя 4-август күнү талиптер көзөмөлдөп турган аймакта болгон.
Пакистандын расмий өкүлдөрү экипаж мүчөлөрү оогандык согушкерлердин колуна түшүп калышы мүмкүн экендигинен кооптонууда. Тик учакта орусиялык деңиз аскерлери да болгон. Маалыматтарга караганда, тик учак алгач Бухарага келип, андан ары Орусияга оңдоо үчүн жөнөтүлмөк.
Тик учак Ооганстан-Пакистан чек арасындагы Куррам деген аймакта кырсыкка учураган. Пакистандын расмий өкүлдөрү тик учактагылар аман калганын билдиришти.