БУУнун качкындар боюнча агенттиги “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын түндүгүндөгү азаптан качып келаткан 3 миң тургунду барымтага алганын билдирүүдө. Алардын 12си өлтүрүлгөнү да кабарланууда.
Агенттиктин маалыматында, Хавига районундагы зомбулуктан улам тургундар коңшу Киркук шаарынан паана издеп келатканда, 4-августта туткундалган.
Адам укуктарын байкоого алган Ирактагы обсерватория туткундар арасында аялдар жана балдар бар экенин айтууда. Аларды 120 жоочу Ирак коопсуздук күчтөрүнө каршы тирүү калканч катары кармашууда.
Аты аталган топтун террорчулары Ирак менен Сириядагы ири аймактарды 2014-жылы басып алышкан. Ушу тапта алар ээлеген аймактарынан сүрүлүүдө. Бирок, дале Ирактын Мосул, Сириянын Ракка шаарларын көзөмөлдөп турушат.
Ирактагы согуштук аракеттерден улам 2016-жылы эле 3,4 миллион адам турагын таштай качууга аргасыз болушкан.