6-8-август күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу жогору.
6-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде +11...+16, күндүз +28...+33,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында тункүсүн +11...+16, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +18...+20, күндүз +31...+33 градус болот.