Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Екатеринбургдан Кыргызстанга келаткан автобус Казакстанда кармалууда


Орусиянын Екатеринбург шаарынан Кыргызстанга келаткан автобус эки күндөн бери Астана шаарында кармалууда. Элүү жүргүнчү менен эки айдоочу Миграциялык полиция мекемесине жакын жерде көчөдө түнөп жатышат. Алар мындай кырдаалга казакстандык чек арачылардын шалаакылыгынан улам туш келгенин белгилешүүдө.

Маалыматка караганда, Түмен аркылуу келаткан автобус Казакстанга кирген кезде чек арачылар 26 кишинин паспортуна Казакстанга киргени тууралуу мөөрдү 4-июль числосу менен басып коюшкан. Мындан улам миграция кызматы өлкөгө кирип чыгуу эрежеси бузулганын айтып, алардын жол улоосуна тыюу салган.

Астанадагы кыргыз консулдугу бул маселе боюнча иштеп жатканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Алдын ала малымат боюнча, чек арачылар паспортко туура эмес дата менен мөөр басканы аныкталды. Казак тарап документтерди кайра берсе, бүгүн Кыргызстанга жолго чыгышат.

Автобуста келаткандардын ичинен 40 киши Кыргызстандын, 22си Орусиянын жарандары. Аларга бүгүн Астанадагы кыргыз консулу тамак-аш уюштурду. (SE)

XS
SM
MD
LG