Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

БУУ Ирандагы жапырт дарга асууну сынга алды


Зейд Раад ал-Хусейн
Зейд Раад ал-Хусейн

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн ушул жумада Иранда 20 адамдын өлүм жазасына тартылышын “кыжырды кайнаткан акыйкатсыздык” деп атады.

Хусейн 5-августта буга байланыштуу “өтө кеңири түшүнүктү камтыган, так эмес айыптоолорго айыпталуучунун акыйкат сот иликтөөсүнө болгон укуктарын капарга илбөөчүлүк шайкеш келди” деп билдирүү таратты.

Маалымат каражаттары өлүмгө буйрулгандардын көпчүлүгү жергиликтүү күрд жамаатындагы сунниттер экенин жазышууда.

Иран расмийлери дарга асылгандар күрддөр байырлаган аймактан, “Таухид”, “Жихад” аттуу экстремисттик уюмдун мүчөлөрү деп ишендирүүдө.

Amnesty International уюмунун маалыматында, шииттер көпчүлүктү түзгөн Иранда өткөн жылы 977 адам өлүмгө өкүм кылынган. Укук коргоочу уюмдун эсебинде, Иран өлүм жазасын аткаруу боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунга чыкты.

XS
SM
MD
LG