Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Астанада кармалып турган автобус Кыргызстанга жолго чыкты


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

4-июлда Орусиянын Екатеринбург шаарынан Кыргызстанга келаткан автобус Астана шаарында кармалган. Элүү жүргүнчү менен эки айдоочу Миграциялык полиция мекемесине жакын жерде көчөдө түнөп жатышкан. Алар мындай кырдаалга казакстандык чек арачылардын шалаакылыгынан улам туш келгенин белгилешүүдө.

Маалыматка караганда, Түмен аркылуу келаткан автобус Казакстанга кирген кезде чек арачылар 26 кишинин паспортуна Казакстанга киргени тууралуу мөөрдү 4-июль числосу менен басып коюшкан. Мындан улам миграция кызматы өлкөгө кирип чыгуу эрежеси бузулганын айтып, алардын жол улоосуна тыюу салган.

Автобуста келаткандардын ичинен 40 киши Кыргызстандын, 22си Орусиянын жарандары. Аларга бүгүн Астанадагы кыргыз консулу тамак-аш уюштурду. (SE)

XS
SM
MD
LG