Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Рио-2016: кыргыз спортчуларынын мелдешин Отар Бестаев баштайт

Отар Бестаев
Отар Бестаев

Бразилияда башталган Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандан барган спортчулардан эң алгач дзюдочу Отар Бестаев таймашка түшөт. 6-август күнү кечинде ал египеттик Абел Рахман Ахмед менен күч сынашат.

Олимпиаданын салтанаттуу ачылышында кыргыз желегин көтөрүп чыккан боксчу Эркин Адылбек уулу 7-августка караган түнү колумбиялык мушкерге каршы рингге чыгат. Ошол эле күнү оор атлетчи Жаңыл Окоева мелдештерди баштайт.

Рио-де-Жанейродо 5-августта расмий ачылган олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышууда. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG