“Жалалабатэлектр” ачык акционердик коому быйыл жарым жыл ичинде калктын дебитордук карызын 9 миллион сомго кыскартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Элдин бересеси жыл башында 132 млн сомдон ашкан. Учурда 122,6 млн. сомду түзүп 7,5% азайтылды.
Аталган ишкана облустагы 90 миңден ашык абонентти тейлейт. (RsK)