Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Рио-2016: кыргызстандык Отар Бестаев алгачкы беттеште утту


Кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарында алгачкы жеңишин камсыздап, жарым чейрек финалдык таймашка чыкты.

60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бестаев 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмед менен күч сынашып, таза иппон менен жеңишке жетти. Эми чейрек финалда азербайжандык Орхан Сафаров менен таймашат.

Бестаев XXXI Олимп оюндарында кыргыз спортчуларынан алгачкылардан болуп мелдештерин баштады.

Олимпиаданын салтанаттуу ачылышында кыргыз желегин көтөргөн боксчу Эркин Адылбек уулу 7-августка караган түнү колумбиялык мушкерге каршы рингге чыгат. Ошол эле күнү оор атлетчи Жаңыл Окоева мелдештерди баштайт.

Рио-де-Жанейродо 5-августта расмий ачылган олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG