Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстандык Отар Бестаев экинчи беттеште утулуп калды


Отар Бестаев
Отар Бестаев

Кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарында жарым чейрек финалда азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды.

Кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп мелдешерин баштаган Бестаев бул утулуу менен Олимпиада оюндарынын байгеси үчүн таймаштардан четтеди. Буга чейин алгачкы беттешинде 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмед менен күч сынашып, таза иппон менен жеңишти камсыздап чейрек финалга чыккан болчу.

Олимпиаданын салтанаттуу ачылышында кыргыз желегин көтөргөн боксчу Эркин Адылбек уулу 7-августка караган түнү колумбиялык мушкерге каршы рингге чыгат. Ошол эле күнү оор атлетчи Жаңыл Окоева мелдештерди баштайт.

Рио-де-Жанейродо 5-августта расмий ачылган олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG