Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Рио-2016: кыргызстандык үч спортчу мелдештен четтеди


Эркин Адылбек уулу
Эркин Адылбек уулу

Боксчу Эркин Адылбек уулу Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан олимпиада оюндарындагы мелдештерин токтотту. Ал жарым чейрек финалда колумбиялык мушкер Карилльо Хуан Карлос менен менен беттешип, упай боюнча жеңилип калды. Адылбек уулу 7-августка караган түнү 81 кг чейинки салмакта рингге түшкөн эле.

Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарынын расмий ачылуу аземинде кыргыз желегин көтөрүп чыккан.

Оор атлетика боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Жаңыл Океева да жалпы эсепте 10-орунга илешип, мелдешти токтотту.

Андан мурдараак кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев египеттик атаандашын утуп, чейрек финалда азербайжандык спортчудан жеңилип калган жана мелдештен четтеген.

Кыргыз спортчулары арасынан эми дагы бир оор атлетчи Иззат Артыков 9-августта күч сынашат.

Бразилияда 5-августта расмий ачылган Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган.

Жалпы эсепте медалдар боюнча Венгрия, АКШ, Түштүк Корея, Жапония жана Австралия спортчулары алдыда келатат.

XS
SM
MD
LG