Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Чоң-Алайда туристтик сезонго карата фестиваль өттү


"Чоң-Алай тоосу" фестивалы. 6-август, 2016-жыл.
"Чоң-Алай тоосу" фестивалы. 6-август, 2016-жыл.

Оштун Чоң-Алай районунда туристтик сезондун ачылышына карата “Чоң-Алай тоосу” деген фестиваль уюштурулду. 6-августта өткөн иш-чарада улуттук ат оюндары өтүп, кыргыздардын каада-салтын даңазалаган көркөм өнөрлөр тартууланды. Жайлоо койнуна боз үйлөр тигилип, ырчы-бийчилер концерт коюшту.

Максаты - Чоң-Алай районун даназалап, туристтерди тартуу. Уюштуруу иштерин жана чыгымдарын "Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, райондук администрация жана Кашка-Суу айыл өкмөтү көтөрдү.

Борбор Азиядагы эң бийик Ленин чокусу Чоң-Алайда жайгашкан. Бул жерге жыл сайын чет элден ондогон туристтер келишет.

XS
SM
MD
LG