Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Крым менен Украина ортосундагы чек ара бекеттери жабылды


Крым жарым аралы менен Украина ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары жабылды. 7-июлдан тарта Каланчак, Чаплинка жана Чонгар чек ара бекеттери иштебей жатканын Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мындай чечимди Орусия кабыл алган, бирок анын себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Украинанын курамындагы Крымды 2014-жылдын мартында Орусия аннексиялап алган. Крымды Орусияга кошуу боюнча өткөн референдумду дүйнөнүн басымдуу мамлекеттери тааныбай келүүдө.

XS
SM
MD
LG