Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Тарых музейиндеги өрттүн кесепетин өкмөттүк комиссия иликтейт


Бишкектеги тарых музейи.
Бишкектеги тарых музейи.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 6-августта Бишкектеги мамлекеттик тарых музейине барган учурда билдирди. Ал өкмөт аппаратына өрттөн келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүү, музейдин алтын фондун Улуттук банкка убактылуу көчүрүү тапшырмасын берди.

22-июлда реконструкцияланып жаткан музейде өрт чыгып, имараттын 300 чарчы метри күйүп кеткен. Өкмөт имарат жана баалуу экспонаттар жабыркаган эмес деп маалымдаган. Тилсиз жоо эмнеден келип чыкканы жана келтирилген чыгымдар аныктала элек.

Мамлекеттик тарых музейи оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 25-марттан бери жабык турат. Аны 31-август - Эгемендиктин 25 жылдыгына карата ачуу мерчемделген. Музейде кыргыз элинин тарыхы жана маданиятын камтыган 135 миңден ашуун эстелик буюм-тайымдар сакталат. (NT)

XS
SM
MD
LG