Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Стамбулда жүз миңдеген адам Эрдоганды колдогон митингге катышты


Стамбулдагы митинг.
Стамбулдагы митинг.

Стамбулдагы чоң митинг президент Режеп Тайип Эрдогандын демилгеси менен уюштурулган. Анын катышуучулары Түркияда 15-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин айыпташты. Митингге Түркиянын тарыхында биринчи жолу бийликчил жана оппозициялык партиялардын лидерлери чогуу катышып, сөз сүйлөштү. Күрт жумушчу партиясынын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Эрдоган төңкөрүш аракетин сындаган митингге көп адамдын келгенин Түркиянын эгемендүүлүгүн жана өлкөнүн келечегин коргоонун бир белгиси катары баалады. Түрк президентинин эгер парламент колдосо өлүм жазасын кайрадан калыбына келтирерин кайталаганы эл аралык коомчулуктун сынына кабылды.

Митингге 5 миллионго чукул адам катышканын, 30 миң полиция коопсуздукту көзөмөлдөгөнүн өкмөттүк булактар кабарлады. 15-июлдагы аскердик төңкөрүш аракети учурунда Түркияда 270тен ашуун адам набыт болгон. Андан кийинки жазалоолор учурунда 18 миңдей адам кармалып, он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер иштен айдалды. Күч түзүмдөрүндө тазалоолор, куугунтуктар дале уланууда. (ElB)

XS
SM
MD
LG