Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Спортчу Дарья Таланова жарым финалга өтө албай калды


Дарья Таланова
Дарья Таланова

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Олимп жайкы оюндарында кыргызстандык спортчу Дарья Таланова 7-августта сууда сүзүү боюнча мелдешке катышты. Ал алдыңкы 16 спортчунун катарына кире албай, жарыштан четтетилди.Олимп оюндарынын расмий сайтында жазылган маалыматка таянсак, кечээ 100 метр аралыкка кыз-келиндер арасында сууда сүзүү боюнча оюндар болду. Ага 43 спортчу катышып, Дарья Таланова 100 метр аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундда багынтты, бирок калыстар тобу ага 33-орунду беришти.

Буга чейин үч спортчу мелдештен четтеген. Алардын бири боксчу Эркин Адылбек уулу жарым чейрек финалда колумбиялык мушкер Карилльо Хуан Карлос менен менен беттешип, упай боюнча жеңилип калган.

Оор атлетика боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Жаңыл Океева да жалпы эсепте 10-орунга илешип, мелдешти токтоткон.

Андан мурдараак кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев египеттик атаандашын утуп, жарым чейрек финалда азербайжандык спортчудан жеңилип калган жана мелдештен четтеген. Кыргыз спортчулары арасынан эми дагы бир оор атлетчи Иззат Артыков 9-августта күч сынашат. Бразилияда 5-августта расмий ачылган Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган.

Жалпы эсепте медалдар боюнча Венгрия, АКШ, Түштүк Корея, Жапония жана Австралия спортчулары алдыда келатат.

XS
SM
MD
LG