Косоволук дзюдочу Майлинда Кельменди өз өлкөсү үчүн алгачкы жолу Олимп оюндарынын медалын утту. Ал 7-августта Рио-де-Жанейродо өткөн мелдеште 52 килограммга чейинки салмактагылар арасында финалда италиялык Одетте Гуифридди жеңип алды.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кельменди Косовонун учурдагы эң мыкты спортчу айымдарынын бири. 2012-жылы Лондон Олимпиадасына Албаниянын атынан катышкан. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону.
Олимп оюндарынын ачылыш аземинде Косовонун желегин көтөрүп чыккан Кельменди CNN телеканалына берген интервьюсунда “Өз өлкөмдүн желегин көтөрүп чыгууну көптөн бери кыялданып жүргөм. Тилегим акыры ишке ашты”,-деген пикирин айткан.
Рио-де-Жанейродо 5-августта башталып 21-августка чейин улана турган жайкы Олимп оюндарында 206 өлкөнүн жана качкындардын командасы таймашып жатышат. Косово менен Түштүк Судан мамлекети алгачкы жолу катышууда. Косоводон сегиз спортчу келген.